Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

Бүгүн, 29-сентябрда оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, борбордогу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Кызыл куруучу, Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик, Салам-Алик конуштарында, Сафоновдун химиялык заводунда, Чүй автобекет жана автостанция биримдигинде, Ички аскерлер башкармалыгында, Биотехнология институтунда, "Электросила" кооперативи, "Хисар" ЖЧКсы, "Бишкек турбазасы" туркомплексинде, Бишкек шаардык кургак учук ооруканасында, Биринчи Май райондук аскердик комитетинде, Жаш Гвардия бульварындагы жана Васильев көчөлөрүндөгү от казандарда, №18, 35, 33-орто мектептерде, №12-бала бакчада, Баялинов көчөсүндө, "Бишкек суу-каналдын" атайын автобазасында суу берүү токтотулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан