Саламаттыкты сактоо министрлиги "Калкты сасык тумоого каршы иммунизациялоо" улуттук программасынын алкагында Орусиядан чыгарылган вакцинаны сатып алды. Бул тууралуу министрликтен 29-сентябрда билдиришип, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгынан кийин түзүлгөн тийиштүү келишим боюнча дарылар жөнөтүлүп турарын белгиледи. Маалыматта келишим түзүлгөн компаниянын дарылары 5 жылдан бери Кыргыз Республикасына импорттолуп жатканы айтылат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча жыл сайын вакцинанын курамы жаңыланмакчы.