Өлкөдө балдарды мектепке чейинки билим алууга тартуу акыркы эки жылда 2,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Билим берүү министрлигинде Европа союзу менен түзүлгөн үч жылдык келишимдин аткарылышы боюнча Байкоочу кеңештин өткөрүп жаткан жыйынында белгилүү болду. Маалым болгондой, балдарды мектепке чейин билим алууга тартуу 2013-жылы 17,4 пайызды түзсө, 2015-жылдын ушул маалына чейин ал 20 пайызга жеткен. Мындай көрсөткүчтөр өлкөдө жаңы бала бакчаларын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ишке берүү менен аткарылган.
Быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта 480 сааттык программа ишке кирди. Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектепке баруусун жана анда билим алуусун жеңилдетиш үчүн кээ бир мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында пандустар орнотулуп, жана башка ыңгайсыздыктар жоюлган.