Бишкекте 4-класстын окуучусу Ырыскелди изделүүдө

Бишкекте №19-мектептин 4-классынын окуучусу Ырыскелди Чаткалбеков изделүүдө. Классташтары аны акыркы жолу кечээ, 28-сентябрда 17:30 чамасында Кулиев жана Урицкая көчөлөрүнүн кесилишинде мектептин жанындагы токойго жакын жайгашкан аймактан көрүшүптүр. Күбөлөр болсо Ырыскелдини саат 21:00 чамасында "Бишкек-Парк" соода борборунун жанында №195-маршруттук таксини күтүп жаткан жеринен көрүшкөнүн айтышты.

"Ырыскелди 28-сентябрда мектепке кеткен. Окуудан кийин үйгө кайткан жок. Эгер аны көрсөңүздөр же ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, бизге айткылачы, өтүнөбүз! Биз бардык туугандарыбызга телефон чалып сурадык, милицияга арыз жаздык",- деп кайрылышат ата-энеси. 

Алардын айтымдарында, баланын үстүндө ак түстөгү көйнөк, көк свитер, астында кара шым, боз-көк бут кийим болгон. Мектеп сумкасы чоң, боз түстүү. Чачы кыска, башынын оң жагындагы чачы Z түрүндө алынган. Оң жак бетинде меңи бар. Арык, көздөрү чоң, кара. Чачтары кара. Бою 140-145 сантиметр.

"Эгер Ырыскелдини көрсөңүздөр, (0709) 41-19-48 же 102 номерлери аркылуу байланышууну суранабыз",- деп жазышат ата-энеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jazgul80
2015-09-29 12:25:55
Кудай жамандыктан сактап ылаайым табылып калсын. Дени соо мман эсен табылып калын ылаайым.
0
AFFANCULO
2015-09-29 13:03:53
кудай жалгап табылып калсын аман эсен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан