Ош шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы бухгалтери Т.Т. менен мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси Г.Энин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө бүтүп, сотко жөнөтүлдү.Аларга карата "кызматтык жасалмалуулук", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өздүк эсебине өткөрүп алуу", "шалаакылык" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 3-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлер бала бакчаларда иштегендерге маяна берүүдө каржылык мыйзам бузууга барышкан. Мындан улам мамлекетке ири суммада зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө 3 миллион 148 миң сом мамлекетке төлөнгөн.