Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги саз болуп жаткан 2 гектар жер аянтынын 1 гектарын футболдук аянтчага айлантуу демилгесин Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги колго алды. Бул тууралуу 3-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жайды тегиздеп, тазалоо иштери өздүк курамдан 150 адам жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте кызуу жүрүп жаткан учуру. Бул жышаанды колдоо иретинде айыл өкмөтү 200 миң сом акча каражатын бөлүп берди. Азыркы учурда саз жайды таштандылардан арылтып, тегиздеп жана кызыл топурак төгүү иштери жүрүп жатат.
Узундугу 90 метр, туурасы 60 метр болгон футболдук аянтчага көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн үстү жабылган отургучтар да орнотулат.
Жумуш учуруна күбө болгон белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов: «Бул жер жергиликтүү, суу боюндагы ыплас, каралбай калган ээн жаткан жайлардан болгон экен. Эми бул жер улуттар аралык ынтымактын, достуктун, сергек жашоонун борборуна айланышына өбөлгө түзөт жана жакшы саамалык»,- деп белгиледи.