Нарында бала бакча жана мектептин курулушуна капсула салынды

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Эмгек-Талаа айылынын бала бакчасынын курулушуна жана Жалгыз-Терек айылынын мектебинин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу 3-октябрда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. 
Эмгек-Талаа айылындагы мектеп жашына чейинки балдар бала бакчанын жоктугуна байланыштуу айылдын мектебинин бир бөлүгүндө тарбия алып келишкен. Курулушу башталган бала бакча 2 кабаттуу, 75 орунга ылайыкталып, жалпы суммасы 23 миллион сомду түздү.

Ал эми Жалгыз-Терек айылындагы Ырысбек Усубалиев атындагы мектеп жараксыз абалга келип калганына байланыштуу жаңы мектеп салууга муктаждык жаралган. Курулушу башталган типтүү мектеп 225 орунга ылайыкталып, жалпы суммасы 43 миллион 479 354 сомду түздү. Курулуштун толук бүткөрүлүшү 2017-жылдын декабрь айына пландалган. Аталган объектилер республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренесинен каржыланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlank83
2015-10-03 21:29:14
Абдан жакшы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан