Эл аралык карылар күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Биринчи Май районундагы карылар үйүндө болуп, карыяларды куттукташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чакан майрам уюштурулуп, анда Чек ара кызматынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Тынычбек Эрматов карылар үйүнө акчалай каражат берилип жатканын айтты.
"Карыяларга кам көрүү боюнча иш-чаралар уланууда. Биз ардагерлерибизге, жалгыз жашаган карыяларыбызга жардам берүүнү улантабыз. Муну менен жаштардын улууларды урматтоосуна үлгү боло алабыз",- деди Эрматов.