Бүгүн, 4-октябрда
"ордума башка бирөө добуш берип коюптур" деп
SUPER.KG'ге кайрылган Бишкек шаарынын тургуну
Барчын Баишованын айткандары жалган болуп чыкты. Алгач чыгармачылык топко:
"Мен
№1315-шайлоо участкасына добуш бергени келип, манжамды электрондук сканерге тийгизсем, кызыл болуп чыгып калды. Шайлоо комиссиясы "эки жолу өтүүгө болбойт, шайлаптырсың" деп мени добуш берүүгө катыштырбай койду. Мен добуш берген эмесмин. Буга чейин байкем паспортумду сурап, кийин андан башка жаран алып кеткен болчу",- деди Баишова.
Биз шайлоо комиссиясынын курамынан сурап, шайлоочулардын колу коюлган китепчени караганыбызда Барчын Баишованын добуш берүүдөн өткөнүн тастыктаган колу коюлуу экен.