Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоо боюнча эл аралык байкоочулар тобу маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу 4-октябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Шайлоого байкоо салуу үчүн 69 өлкөдөн 600дөн ашуун байкоочу келген. Алар шайлоонун кандай өткөнүн өз көздөрү менен көрүшүп, оң бааларын беришүүдө.