Шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттанууларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен укук коргоо органдары териштирет

Шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттанууларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен укук коргоо органдары териштирет. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 4-октябрда журналисттерге билдирди. "Эгерде одоно мыйзам бузуулар болсо, мыйзам чегинде кылмыш иши козголот",- деди ал. 

Темир Сариев шайлоонун ачык-айкын жана таза өткөнүн ага катышкан саясий партиялар, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тааныганын белгиледи.
"Шайлоонун ачык-айкын, мыйзамдын чегинде жана демократиялык негизде өткөнүн ага көз салган эл аралык, көз карандысыз жана жергиликтүү байкоочулар билдиришти. 68 өлкөдөн, 49 эл аралык уюмдан келген 600дөн ашык байкоочу оң баасын берип жатат. Эң негизгиси, биздин элибиз шайлоонун кандай өткөнүн өз көзү менен көрүп ынанды”,- деди Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан