Сокулук районундагы №7230-шайлоо участкасында 500 адам өзүн тизмеден таппай калды

“Сокулук районундагы №7230-шайлоо участкасында 500 адам өзүн тизмеден таппай калды”. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө “Таза шайлоо” ассоциациясынын мүчөсү Ракия Рахматова билдирди. Анын айтымында, кечээ шайлоо маалында жарандардын тизмеге кирбей калышы боюнча көп маселе жаралды.
Өлкө боюнча биздин 800 кыска мөөнөттүү байкоочубуз шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө алды. Алардын чогулткан маалыматтары боюнча, мыйзам бузуу фактылары көбүнчө техниканын иштебей калышына жана тизмеге байланыштуу болду. Техника боюнча айтсам, автоматтык урналар иштебей калганда стационардык урналар коюлуп, жабдык калыбына келтирилгенде эски урналар алынып, кайра иштетилди. Бул мыйзамга туура келбейт. Ал эми тизме боюнча айтсам, 19-сентябрга чейин өзүн тактап текшерип кеткен жарандарыбыз 4-октябрь күнү электрондук тизмеде болсо, кагаз тизмеде жок болуп чыгышты. Мындай учурда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эмне кылышарын билбей калып жатышты”,- деди байкоочу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан