Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов 5-октябрда Швейцариянын Бажы кызматынын делегациясын кабыл алды. Жолугушууда өз ара кызматташуунун негизги багыттары, алака түзүүдө жаралган көйгөйлөр тууралуу пикир алышканын аталган мекемеден билдиришти.
"Өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын байланышы 2013-жылы активдүү башталган. Ушул күнгө чейин тараптардын Бажы кызматтарынын өкүлдөрүнүн бир катар иш сапарлары уюштурулду. Бүгүнкү жолугушуунун максаты - тобокелчиликтерди башкаруу системи боюнча Швейцариянын бажы органынын үлгүсү менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу. Жыйынтыгында Адамкул Жунусов кызматташтыкты жандантуу демилгесин көтөргөн швейцариялык тарапка ыраазычылык билдирди",- деп айтылат маалыматта.