Орусия президенти Владимир Путин бүгүн туулган күнүндө хоккей мелдешине катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков маалымдап: "Путин хоккейди салтка айланып калган эски тааныштары: белгилүү ардагер-хоккейчилер жана сезонду ачуучу Түнкү хоккей Лигасынын катышуучулары менен ойнойт",- деп билдирди.
Орусиялык маалымат булактары Путин акыркы жолу хоккей талаасына 1 ай мурун Сочиде чыкканын, анда "Хоккей легендасы" командасынын курамында "Сириус" командасына каршы ойногонун жарыялашты.
Эскерте кетсек, Путин былтыр туулган күнүн Сибирден белгилеген. “Президент Сибирь түнт токоюнда эс алат, кимдер менен чогуу болорун билбейм. Бул күнгө эч кандай расмий же жумуштук жолугушуулар пландалган эмес. Мурунку жылы анын туулган күнү ар кандай жумуштук жолугушууларга толо болгон. Быйыл анын графиги оор эмес, өтө оор болду. Күнү-түнү иштөө режимине жакын өттү, географиялык жактан өтө көп иш сапарлардан турду”,- деп билдирген Песков.
Орусия президенти бүгүн 63 жашка толду.