Фарид Ниязов президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды

Темир Жумакадыров президенттик аппараттын жетекчилигинен бошотулуп, Коргоо кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 7-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Т.Жумакадыров буга чейин президенттик аппаратты башкарып келген. Ал президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев иштен алынганга чейин да Коргоо кеңешинин катчысы болгон. Ал эми президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов президенттик аппараттын жаңы башчысы болуп дайындалды.
Ф.Ниязов 1957-жылы 27-апрелде туулган.
Улуту - кыргыз.
Кыргыз, орус тилдерин билет.
2010-жылдын 24-апрелинен августуна чейин Убактылуу өкмөттүн аппаратынын Маалыматтык-координациялык борборунун башчысы;
2010-жылдын августунан сентябрына чейин КРнын Президентинин администрациясында Маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;
2011-жылдын августунан октябрына чейин президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабынын башчысы;
2011-жылдын 3-декабрынан 2015-жылдын 7-октябрына чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан