Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарындагы "Кыргыз-Түрк достугу" атындагы балдар мектебинин окуучусу Байзат Эргешовду атайын грамота менен сыйлады. Бул тууралуу 7-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Байзат кокусунан ажатканага түшүп кеткен эки жарым жашар карындашын аман-эсен алып чыккан. Алгач куткаруучулар кызды алып чыгууга аракет кылышып, бирок ажаткананын тешигине батпай коюшкан. Мына ошондо Байзат белине аркан байлатып түшүп, наристени алып чыккан. Бул окуя Ош шаарындагы Жапалак айылында мындан 3 ай мурун болгон. Байзат 2-класстын окуучусу.