Ош облусунан ажылык милдетин аткарып келүү үчүн Сауд Арабияга жөнөп кетишкен зыяратчылардын алгачкы 2 тобу (400 адам) кайтып келди. Зыяратчылардын 1-тобу 3-октябрда саат 02:00дө, 2-тобу 6-октябрь күнү саат 02:00дө Жидда-Ош багыты боюнча "Ош" Эл аралык аэропортуна келип конду. Ажылыктын шарттарын аткарып келишкен зыяратчыларды Ош облусунун казысы
Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери жана зыяратчылардын туугандары жогорку маанайда тосуп алышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Облус казысы зыяратчылардын ажылыгы кабыл болуусун каалап, баарынын мекенине аман-эсен кайтып келгендиги менен куттуктады.
Эскерте кетсек, Ош облусунан ажылык зыяратка кеткен дагы 821 жаран 15-октябрга чейин жергебизге катып келмекчи.