Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык кызматынын тарыхында биринчи жолу Эл аралык эпизоотиялык бюросу Бишкекте семинар өткөрдү. Ага 16 мамлекеттен келген өкүлдөр катышканын аталган мекеменин маалымат кызматы 8-октябрда билдирди.
Семинар батыш евразиялык аймактарда жолбун иттердин маселелерин чечүүнүн багыттарын кароого алды.
Башкы ветеринардык инспектор Ашырбай Жусупов бул маселе боюнча өткөрүлгөн иш-чара мындан ары жолбун иттердин маселесин чечүүдө өлкөлөр аралык кесиптештердин ортосундагы тажрыйба алмашуу менен өзүнүн чоң натыйжасын берерине ишене турганын айтты.
"Ар жыл сайын биздин республика боюнча инспекторлор тарабынан 3 миңге жакын ит атылат. Бул иш-чарада иттерди вакцина кылуу жана жолбун иттердин маселелерин карап, өз кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашабыз",- деди ал.
Семинардын катышуучулары жолбун иттердин маселелери өнүккөн өлкөлөрдө өзгөчө көйгөй экенине токтолушту. Муну менен катар коңшу өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз Республикасы бул маселеге биринчилерден болуп көңүл буруп, Эл аралык эпизоотиялык бюронун да бул багытта көңүлүн бурдургандыгы чоң жетишкендик экенин белгилешти.