7-май – Байланыш күнү. О! Мобилдик оператору куттуктады

7-май – Кыргызстандын бардык байланыш тармактарынын кызматкерлеринин майрамы. Ал эми О! Мобилдик операторунун командасы бул күндү салттуу түрдө жумуш ордунда, мобилдик түйүндүн камтуусун жана сапатын жакшыртуу менен өткөрөт.

Телекоммуникация чөйрөсүндөгү инновациялардын көбү О! Мобилдик оператору менен ассоциацияланганын билүү – биз үчүн чоң сыймык. Компания катары менен бир нече жылдан бери түйүндөрдүн бардык түрлөрүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн лидери болуп келе жатат. О! Кыргызстанда 4G LTE мобилдик интернетинин жогорку ылдамдыктагы технологиясын биринчилерден болуп киргизген оператор катары, дайыма өзүнүн технологиялык жана инновациялык лидерлигин далилдөөгө умтулуп келет. Бүгүнкү күндө жалпы О! техникалык командасынын үзгүлтүксүз иш-аракеттеринин натыйжасында өлкө калкынын аталган жогорку ылдамдыктагы технология менен камтылышы 99,6%ды түзөт.

Маалымат дүйнөнү алдыга карай илгерилетүү менен, миллиондогон кишилерди жакындатат. Бүгүн байланыш – жашоодогу эң маанилүү тармактардын бири: байланыштын жардамы менен ӨКМ муктаждарды ыкчам куткара алат, дүйнөдөгү жаңылыктардан биринчилерден болуп кабардар болобуз, аралыктан иштеп-окуйбуз, бизнесибизди өркүндөтөбүз, эң жаңы технологияларды киргизебиз, жакындарыбыз менен баарлашабыз.

Көп жылдардан бери байланыш тармагындагы кесиптердин түрлөрү кыйла эле көбөйдү. Монтажист, техникалык адис, инженер, программист, бухгалтер, сатуулар боюнча менеджер, дагы көптөгөн кызматтарда эмгектенсе болот – О! компаниясында ар бир кызматкер байланыш кызматкери болуп саналат. Түрдүү кесиптер боюнча адистер кыргызстандыктарды суткасына 24 саат, жылына 365 күн бою байланыш менен камсыздашат. Алар - бир эле чалуу менен түрдүү маселелерди чечүүгө, кээде түнү бою иштөөгө, иш сапарларына барууга, бузулууларды жоюш үчүн аба ырайынын ар кандай шарттарында тоонун башына чыгууга даяр адистер.

Ар бир күнүбүз өзү менен чогуу жаңы технологиялык чечимдерди, жаңы чакырыктарды алып келет. О! командасында байланыш кызматкери болуу – бул драйв жана чоң жоопкерчилик. Алдыдагы ар бир максат – мурункусунан кыйла амбициялуу. Аларга жетүү ары кызыктуу, ары кыйын.

О! Мобилдик оператору өзүнүн кесиптештерин жана өнөктөштөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бейпилдик, туруктуулук жана кажыбас кайрат каалайт. Баа жеткис миссияңарды аткаруу жан дүйнөңөргө жылуулук тартууласын, сүйүктүү ишиңер менен жашоодо көптөгөн ийгиликтерге жеткиле, жаныңарда дайыма жакшы санаалаштарыңар, ал эми жашооңордо жагымдуу жаңылыктар көп болсун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан