Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго жакын турган көчөлөрдө унаа тыгыны орун алууда.Унаа тыгындары стадиондун ылдый тарабында жайгашкан Жибек-Жолу көчөсүндө жана өйдө тарабындагы Чүй, Киев көчөлөрүндө жаралды. Унаа кыймылын жөнгө салган МАИ кызматкерлери көрүнбөйт.
Айта кетсек, 1 саат 30 мүнөттөн соң аталган стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстан курамаларынын ортосунда футболдук беттеш башталат.