Стадионго чейин 4-5 катар тосмо коюлуп, милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
Тажикстан курамасы менен кыргыз футболчулары оюн талаасына чыгышты. Учурда өлкөбүздүн гимни аткарылууда. Ал эми стадион сыртында билети жок бир нече адам стадионго кире албай турушат. Милиция билети жок бир да адамды киргизбей жатат. Катуу тартипте көзөмөлгө алынып, 4-5 тосмо орнотулган.