Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын футболдук беттешинен соң жаштарды милиция көзөмөлдөй албай калды. Үстүлөрүнө өлкөбүздүн желегин жамынган бир топ жаштар Тоголок Молдо көчөсүнөн чыгып, Чүй кең көчөсү менен чыгышты көздөй багыт алып, "Кыргызстан!" деп кыйкырып чуркап кетишти. Артынан дагы 50 чакты бала кошулду. 20 чакты милиция кызматкерлери артынан чуркап кетишти.
Эскерте кетсек, бүгүн мамлекетибиз менен Тажикстандын курамасы беттешип, 2:2 эсебинде тең чыгышты.