Күйөрмандардын оюн аяктагандан кийинки кубанычы (фото)
Кыргыз курамасы менен Тажикстандын футбол оюнчуларынын тең чыгуусу күйөрмандардын маанайын түшүргөн жок. Оюн талаасында кандай кубануу менен отурушса, оюн соңунда да ошол маанайда болушту. Көпчүлүгү бир ооздон "Кыргызстан!" деп кыйкырышып, улуттук курамдын көрсөткөн жыйынтыгына ыраазы болушкансыды. Беттеш Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алып, 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.