Өкмөт башчы Темир Сариев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарындагы Республикалык VII Спартакиаданын ачылыш салтанатына катышты.
Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Темир Сариев спортчуларга ийгиликтерди каалап, өкмөттүн резервдик фондунан спорттук иш-чаранын байге фонду үчүн бөлүнгөн 1 миллион сомду тапшырды.
"Жалал-Абаддын тургундарын дагы бир сүйүнүчтүү кабар күтүүдө, үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн Жалал-Абад шаарынын стадиону ачылат. Келечекте жалпы өлкө боюнча бул сыяктуу көптөгөн спорттук комплекстер ишке берилет. Бүгүнкү спорт таймашынын катышуучуларына мен жаңы ийгиликтерди багынтууну каалайм. Бул таймашты 2016-жылы август айында Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өтүүчү Жайкы Олимпиадага карата даярдык катары эсептесек болот",- деп белгиледи премьер-министр.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 15 спорттук объект курулуп, чоң спорттук комплекс ишке берилди. Мындан тышкары Ысык-Көл жээгиндеги «Достук» пансионатынын базасында спорттук комплекстин курулушу пландаштырылууда, анда мамлекетибиздин спортчулары атайын дене тарбиялык даярдыктан өтүүсү үчүн шарттар түзүлөт.
Премьер-министр Жалал-Абад облусуна жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар спорттук комплекстерге күрөштө колдонулуучу килемдердин беш комплектин белекке тапшырды.