Бүгүн, 9-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги 2015-жылдын мыктыларын аныктайт. Иш-чара Бишкекте министр
Эльвира Сариеванын катышуусунда өтөт. Мыктылар 4 сыйлык багыты боюнча аныкталат:
1. "Жылдын мыкты мугалими";
2. "Жылдын мыкты айылдык мектеби";
3. "Жылдын мыкты инновациялык мектеби";
4. "Жылдын мыкты бала бакчасы".
Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылат. Ошондой эле министрлик тарабынан 800 миң сомдой акча бөлүнүп, ар бирине сыйлык каралган.