Ченемден тышкары ысык жана кургак аба ырайынан кийин 11-12-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.Маалыматка караганда, 11-октябрда күндүз жана 12-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тайгак болот. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.