Ошто жаш сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 9-октябрда Ош технологиялык университетинде "Чыгармачыл альянс" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөнү окуу жайдын архитектура, дизайн жана графика кафедрасынын окутуучулары уюштурушууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Негизги максаты бул билим берүү мекемесинде эмгектенишкен окутуучулардын жана студенттердин эмгектерин башка студенттерге тартуулап, аларга чыгармачылык шык берүү болуп саналат. Жалпысынан ар кандай жанрдагы 200гө жакын сүрөт коюлуп, көрүүчүлөрдүн сынынан өткөрүлдү. Көрүүчүлөр сүрөтчүлөрдүн эмгектерин кылдаттык менен карап чыгышып, авторлорго дароо сын-пикир, сунуштарды айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аларга жаккан эмгектер автордун уруксаты менен баасына жараша сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан