Ысык-Ата районунун Чолпон айылында жогорку кубаттуулуктагы көмөк чордондун курулушу аяктоодо. "Түндүк электр" ишканасынан 9-октябрда билдиришкендей, жалпысынан курулуш-монтаждоо иштерине ишкананын эсебинен 3 миллион сомдой каражат каралган.
“Чолпон” көмөк чордонунун ишке кириши "Ивановка" көмөк чордонунан тартылган электр чубалгыларынын кыскарышына, чубалгыны оперативдүү тейлөөгө жана Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң, Чолпон, Достук, Гидрокуруучулар айылдарын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого жол ачат. Учурда "Ивановка" көмөк чордонунан тартылган чубалгынын узундугу 23 чакырымды түзөт",- деп айтылат маалыматта.