Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы VI чакырылыштын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алууга камынууда. 120 орундук сатып алууга тендер жарыяланып, креслолор накта булгаарыдан жасалып, 120 килограммдан ашык салмакты көтөрө алышы керектиги көрсөтүлдү. Сатылып алынуучу 120 кресло учурда социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратты.
Айрымдары: "Мен өзүмдүн отургучума ыраазымын, депутаттар, силерге эмне жакпайт?" дешсе, кээси "Менин отургучум канча турарын билбейм, бирок мен ыраазымын, аны алмаштырууга ашыга элекмин" деп жазышууда. Учурда бул эстафетаны колдоп чыккандардын саны арбыды. Ар ким өз отургучун сүрөткө тартып, социалдык баракчасына жүктөөдө.
VI чакырылыштагы депутаттардын катарына кирген Жанар Акаев да өз пикирин жазып чыкты. "Пресс-катчы кезде деле креслосун бурчка түртүп коюп, жөнөкөй эле отургучта отурчумун. Мага 22 миң сомдук кресло албай эле койгулачы! Олигархтар кааласа 1 миллион сомдук креслону өз акчасына сатып алып коюп алышсын",- деди ал.