Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинен 15 ординатор, 7 студент “Мевлана” программасынын алкагында Түркияга тажрыйба топтоого жөнөп кетти. Окуу жайдан кабарлашкандай, ОшМУ Түркиянын “Мевлана” программасы аркылуу 2015-жылы медицина багытында квота бөлдүрүүгө жетишсе, мындан тышкары Ак-Деңиз, Ататүрк, Иззат Байсал, Сивас университеттери менен протоколдорго кол коюлган.
“Кийинки жылдарда мындан көп ординатор, студенттерди жөнөтүү пландаштырылып жатат. Бул багытта Түркиянын бир нече ЖОЖдору менен протоколдор түзүлүп, студенттер, ординаторлор түрк тилин үйрөнүп жатышат”,- деп жазылат маалыматта.