9-октябрдан 10-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Түштүк магистралында түнкү унаа жарыштары болууда. Саат 00:00 чамасында 30га жакын айдоочу жана унаа жарышын сүйүүчүлөр чогулуп, даярдануу иштерин жүргүзүп жатышты. Жарыштарга Субару, Мерседес, БМВ жана башка үлгүлөрүндөгү ылдам жүргөн унаалар катышууда. Уюштуруучулар айланада Жол-кайгуул кызматынын инспекторлорунун жоктугун аныктаган соң жарыштарды баштап жатышат. Ошол эле учурда бул көчө менен кичи автобустар жана жеңил унаалар жүрүүдө.
Айта кетсек, буга чейин бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Парламенттик комитеттин жыйынында депутат
Өмүрбек Бакиров аталган магистралда түнкү маалда орун алган унаа жарыштары аны уктатпай жатканы боюнча борбор калаанын мэрине
арызданган. Бишкек мэри
Кубанычбек Кулматов депутатка
ал көчөдө жума сайын МАИ кызматкерлери рейддерди жүргүзүп жатканын маалымдап, төмөнкүдөй жооп берген.
“МАИчилер ошол көчөгө барганда жарышчылар башка жерге кетип калышууда. Мындай түнкү жарыштарды өткөрүүгө мэрия уруксат берген эмес”,- деген Кулматов.
Белгилей кетчү жагдай, жакында 29-сентябрда Түштүк магистралда жаш айдоочу унаасы менен катуу ылдамдыкта баратып жолдон чыгып кетип, түркүктү сүзүп алган. Жыйынтыгында айдоочу ошол жерден каза тапкан.