Кыргыз мамлекетинин Алтынбек Бекмуратов аттуу жараны Москвада шахмат тактайына 32 фигураны 1 мүнөт 44 секундада тизип, "Гиннесстин рекорддор китебин" жаңылады. Рекорддук чекти жаңылаган Бекмуратов бул таймаш 4-октябрда Москва шаарындагы соода борборлорунун биринде өткөнүн социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасына жазып, бул жеңиш кокустуктан эле келгенин айтат. Ал бир жарым жылдан бери Москвада желдеткич орнотуу менен алек болуп келген. Алтынбек Бекмуратов 26 жашта.