Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 9-октябрда "Жыл мугалими-2015" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Республикалык сынак төрт номинацияда өттү: "Мыкты мугалим", "Мыкты бала бакча", "Мыкты инновациялык мектеп" жана "Мыкты айылдык мектеп".
"Жылдын мыкты мугалими" болуп Балыкчы шаарындагы мектептердин биринде география сабагынан берген Нургүл Алиева табылды. 2-орунга Тамара Бокубаева (Талас облусунан) татыктуу болсо, 3-орунду Элвиза Нарымбаева (Ош шаарынан) алды. Мыкты мугалимдерге дипломдор берилип, атайын акча менен сыйланышты.