9 айдан бери кызын таппай жүргөн Чачыкей Садыкова 10-октябрда SUPER.KG'ге кайрылып: "Кызым Айгүлдү "Сезим" кризистик борбору жашырып, кабарын билдирбей жатат",- деп билдирди. Анын айтымында, кызы ичимдик ичип, туура эмес иш жасагандыктан агасы уруп койгон.
"Ошого таарынып, үйдөн чыгып кеткен. "Кайда бармак эле, кайра келет" деп койгом. Ошону менен 21-майда өзү байланышка чыкты. "Кызым, үйгө кел, урушуп, кайра эле жарашасыңар" десем, "барбайм, байкем урду" деп койду. "Байкең сени жаман болсун деп урган жок да" деп айткам. Ошону менен кайра жоголуп кетти. Андан мурун аны издеп өлүкканага, милицияга бардым. Милиция 17-майда "Сезим" кризистик борборуна барса, кызым ошол жакта болгон экен. Аталган борбордогулар кызымдын ал жакта эмес экенин айтышууда. Алар 9 айдан бери эмнеге кызымды жашырып жатышат? Биздин үй-бүлөбүздү бузуп жатышат. Кызымды карыз кылып, аягында үйүбүздү тартып алышпаса эле болду",- деди Садыкова.