"Өлкөдөгү түрмө системин реформаламайынча абактан качуулар улана берет". Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрдагы маалымат жыйынында "Келечек" улуттук кеңешинин төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди.
"Биз жаш жарандарыбыздан айрылып жатабыз. Кыргыз өкмөтү түрмө системине көңүл бурган эмес. Криминал өсүп жатат. Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 303 адамды түзөт. Кичинекей мамлекетибиз үчүн бул өтө көп. Биз аларга каражат сарптап жатабыз. Кыргыз өкмөтү түрмө реформасын жасоого жоопкерчилик алышы керек. Өлкөдөгү түрмө системин реформаламайынча абактан качуулар улана берет. 12-октябрдагы окуя күтүлүп жаткан нерсе болчу. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш",- деди ал.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Дагы төрт кылмышкер изделип жатат.