Түрмөлөрдө социалдык психологдор үчүн кызмат орду бар экени, бирок адистердин жоктугу айтылды

Бүгүн, 12-октябрдагы маалымат жыйынында ЖАМКтын алдындагы Байкоочу кеңештин төрайымы Чолпон Өмүрканова түрмөлөрдө социалдык психологдор үчүн кызмат орду бар, бирок адистердин жок экенин айтты.

"Абактарда иштеген кызматкерлерге жетиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек. Шарты жок жерде жашап-иштеген кызматкерлерден кантип жакшы жумушту күтсө болот? Кызматкерлерге социалдык психологиялык жардам көрсөтө турган адистер жокко эсе. Кызмат ордулары бар, бирок аз айлык акынын айынан алар ал жакта иштешпейт. Кызматкерлер менен социалдык психологиялык жактан сүйлөшүү жүргүзүү зарыл нерсе. Түрмө системин реформалабаса, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин өмүрү кооптуу бойдон калат",- деди ал. 

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан