Бүгүн, 13-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары менен Бангладеш курамасы беттешет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, коомдук коопсуздукту 4 миңден ашуун милиция көзөмөлгө алат. Милиция кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү стадиондун кире беришине жана стадиондун айланасында турушат. Алар кире бериштен бардык жарандарды толук текшерүүгө алып, адам өмүрүнө коркунуч алып келүүчү заттарды алып кирүүгө тыюу салышат.
Ал эми стадионго жакын турган Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүйдөн Фрунзеге чейинки аралыгы, Панфилов көчөсүнүн Чүйдөн Фрунзеге чейинки аралыгы жабык болот.