Бүгүн, 13-октябрда Ош шаарында Эл аралык жаштар форуму өтүп жатат. Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, форумга Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынын аймактарынан келген жаштар катышууда. Форумда жаштардын эл аралык кызматташуусу, улуттар аралык биримдикти бекемдөө маселеси талкууланып жатат. Келген коноктор форум алкагында Ош шаарынын тарыхый жайлары менен таанышып чыгышмакчы.