Бишкектеги Улуттук китепканада белгилүү акын, прозаик, котормочу жана киносценарист
Омор Султановдун 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда акынд
ын чыгармалары, гезитке чыккан макалалары, сүрөттөр жана башка материалдар коюлган.
Акындын чыгармачылык жолу университетте окуп жүргөндө башталган. Анын алгач "Тоо күндөрү", "Отузунчу станция", "Аэропанорама", "Көз ирмем", "Аралдар арасында" өңдүү ыр жыйнактары чыккан
. Султанов "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан экрандаштырылган "Төкмө", "Жазуучу", "Ак куулар конгон айдың көл" жана башка даректүү жана көркөм фильмдердин автору. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, В.Маяковский, Р.Гамзатов жана башка акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Султановдун эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Манас ордени, "Руханият" сыйлыгы, "Астана" аттуу алтын медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.