Абактан качкан кылмышкерлердин колунан жаракат алган Тилек Абылгазиев Чүй облустук ооруканасынан Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Ага бүгүн операция жасалат. Азыркы тапта жаракат алган кызматкер комада жатат. Аны дарылоону саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу 13-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышкерлердин колунан каза тапкан колониянын кызматкерлерин туулган айылында жерге берүү үчүн Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына алып кетишти. ЖАМКтын кызматкерлери каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүшүүдө.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.