Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаардык кеңешинде шаар башчысы Кубанычбек Кулматов катышкан жыйын өттү. Жыйында Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташуучу автоунаалар, “Тазалык”, “Бишкек санитардык полигону”, “Жашылдандыруу” миниципалдык ишканаларындагы көйгөйлүү маселелер каралды. Бишкек шаарына сапаттуу, аз пайыздуу ипотекалык турак жайларды куруу зарылчылыгы айтылды. Ал эми транспорт көйгөйүнө токтолгон мэр Кулматов: "Маршруттук каттамдардын санын көбөйтүү зарыл, эл буга муктаж",- деп билдирди.