Бишкекте террордук топко каршы операцияда талкаланып, кайра жаңыдан салынган үйлөрдүн ачкычтары эртең тапшырылат

Бишкекте террордук топко каршы операцияда талкаланып, кайра жаңыдан салынган үйлөрдүн ачкычтары эртең, 14-октябрда тапшырылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипованын билдиришинче, талкаланган үйлөрдүн экөөсү жаңыдан салынып, дагы экөөсү оңдоодон өттү. "Ал эми террордук топ баш калкалап турган үй азырынча оңдоло элек",- деди ал. 
Үйлөрдүн ачкычтарын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тапшырмакчы. 

Айта кетсек, 16-июль күнү УКМКнын атайын кызматы Бишкектин эки жеринде террордук иш-аракеттерге каршы операция жүргүзүп, жалпы 7 согушкерди колго түшүрүп, 7 согушкерди өлтүргөн. Бишкектин Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен 9 согушкерди кармоо учурунда ал жердеги 5 үй күйүп, талкаланып калган эле. Операциядан улам келтирилген чыгым 6,5 миллион сомду түзгөн. Ал эми ал үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президенттин фондунан 5 миллион сом бөлүп берген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bermet_Kasymova
2015-10-13 12:14:24
Конушунар кут болсун! Бардык нерсе жакшылыкка
+1
AiBoru
2015-10-13 13:23:34
А эмнеге кылмышкерлер баш калкалаган уйду ондошподу экен. Бир мандем бар го.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан