“Китепти көп окуган адам эч качан кылмыш жасаганга барбайт”. Мындай пикирин Кыргыз Эл акыны, прозаик Омор Султанов бүгүн, 13-октябрда журналисттерге берген маегинде айтты. Акын китеп сүйгөн адам руханий жактан байып, жакшы-жаманды айрып биле турганын белгиледи.
“Адамдарды китепти көп окууга чакырат элем, анткени ал билим алат, поэзияны түшүнөт. Көркөм чыгарманы тамшана окуган жаран адам өлтүрүү эмес, чычкан өлтүрө албайт.
Ошол эле учурда күндөн-күнгө китеп окугандар азаюуда деп айтышууда. Мен буга кошулбайм, кайсы бир убакытта адамдар китепти көп окуганга өтүшөт. Ал эми жаштардын китепти көп окубай жатканына алар күнөөлүү эмес, буга жаңы технологиялар жана заман себепкер. Бирок "беш кол тең эмес" дегендей, акылдуу, таланттуу жаштар сөзсүз китепти окуйт, ансыз болбойт”,-деди акын.
Айта кетсек, Улуттук китепканада Омор Султановдун 80 жылдыгына арналган азем өтүп жатат. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер катышууда.