Оштогу мектеп жана бала бакча директорлоруна университеттин окутуучулары семинар өтүштү

12-октябрда Ош шаарындагы бардык мектеп жана бала бакча директорлоруна Назарбаев университетинин профессорлору “Директорлор менен эмгек жамааттын иштешүүсү” деген темада семинар өтүштү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, анда Казакстан менен Кыргыз Республикасындагы билим берүү системинин айырмачылыктары, окуу процесстери, директорлор менен эмгек жамаатынын иш алып баруусу, окуунун жаңы ыкмалары жөнүндө кеңири талкуу болуп, директорлор өздөрү кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле мугалимдерге көйгөйлүү маселелерди чечүүнү үйрөнүү жана ар кандай иш-чараларды жетектөөнү, жаңыча окуу ыкмаларын үйрөнүү жөнүндө түшүндүрмөлөрдү беришти.

Семинарга Назарбаев университетинин профессорлору Дүйшөн Шаматов, Кайрат Куракбаев, Жейсон Стейкс жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов жана директорлор катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан