Бишкек шаардык бюджеттин кирешеси быйылкы жылдын 9 айында 91 пайызга аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек мэриясынын бюджет боюнча өтүп жаткан жыйынында белгилүү болду.
Маалым болгондой, жергиликтүү бюджеттин болжолдуу көлөмү 5 миллиард 681 миллион 397,6 миң сом болмок. Ал эми факт боюнча бул сумма 5 миллиард 171 миллион 907,3 миң сомго жетти. Четке чыгуу 509 миллион 490,3 миң сомду түздү.
Бишкек шаардык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Эрнис Докенов маселеге токтолуп: "Күндөн-күнгө доллардын наркы өсүп, баалар кымбаттап жатса, сатуудан түшкөн салыктын көлөмү азайып жатат. Мен бул маселеге түшүнбөй жатам",- деди.