Мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганы үчүн Токтогул райондук салык кызматынын башчысынын орун басары Шамшарбек Караев иштен айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Аталган кызматкер мындан ары салык системинде иштей албай турганы айтылды.
Иштен кетирүү чечими ыкчам кызматтык иликтөө жана анын түшүндүрмөсүн угуп көрүүдөн кийин алынган.
Эскерте кетсек, Караевдин кол алдындагы кызматкерлерин сөгүп жаткан видеосу социалдык тармактарга жарыяланган эле.