Токтогул райондук сотунун судьясы Мырзабек Шералиев кызматынан бошотулду

Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Мырзабек Шералиевди ээлеген кызматынан мурда бошотуу тартиптик чарасын колдонууну чечти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Шералиевге карата бир топ жарандардан арыздар келип түшкөн. Мунун негизинде чара көрүү тууралуу даттанууларын кароо менен бирге 2015-жылдын 13-мартындагы Судьялар кеңеши ага эскертүү берген. Мындан кийин ага карата чогулган материалдардын негизинде “Соттордун өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 9-беренесинин, “Судьялардын статусу жөнүндөгү” мыйзамынын 29-беренесинин негизинде Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Шералиевге карата тартип жоопкерчилигине тартуу катары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиптик чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечим президентке жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан