Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Башталышында анын адвокаты Татьяна Чильникина судьядан 15 мүнөттүк танапис сурады. Анын айтымында, Келдибековдун коомдук жактоочулары Азимбек Бекназаров жана Курманбек Осмонов соттук отурум саат 14:30да башталат деп ойлогондугунан бир аз кечигип калышат.
Танапис бүткөн соң соттук отурум улантылды. Бүгүн А.Келдибековго карата соттук өкүм чыгары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.