АКШнын Нью-Гемпшир штатындагы май куюучу жайдын кожоюну кассаны текшерип жатып абдан сейрек кездешүүчү жана 3,2 миллион долларга бааланган тыйын таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Стив Уитмор аттуу жаран эртең мененки түшкөн кирешени санап жатып, өзгөчө 50 центтик тыйынды байкап калган. Ал буга чейин мындай тыйындарды көрө элек болчу.
Бул табылга ага кызык болуп, Уитмор тыйын адисине кайрылган. Эксперт бул тыйын 1964-жылдагы Жон Кеннединин сүрөтү түшүрүлгөн абдан сейрек прототип экенин тастыктаган. Ал дээрлик толугу менен күмүштөн жасалган жана эң негизгиси – тыйын чыгарган фабриканын белгиси жок, бул өзгөчөлүк анын баасын кескин көтөргөн.
Тыйын коллекционерлер менен аукцион үйлөрүнүн арасында чоң кызыгууну жараткан. Натыйжада ал аукциондо 3,2 миллион долларга сатылып, бул номиналдуу төлөм каражаттары арасындагы рекорд болгон.