Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Арзыбек Кожошевдин депутаттык мандатын токтотту. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай чечимди БШК мүчөлөрү Кожошевдин жазган арызынын негизинде кабыл алышкан.
Эскерте кетсек, Кожошев кечээ экономика жана өнөр жай министри болуп дайындалды.